АЖЫДААРДЫН КУЙРУГУН БАСУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Каарына калуу, кыйыгына калуу, кырсыктуу, чатак ишке туш болуу. Сооронбай манаптын туушкандарынын кызын а таанышканда ажыдаардын куйругун басып, азапка чырмалмак турбайбы (Бейшеналиев). Ажыдаардын куйругун басып алыпмын. Аргам түгөнүп, айлам кетип турат (Сыдыкбеков). Аны чакырбасак бир балекет чыгарат, кеңешке албаганыбыз ажыдаардын куйругун баскан менен тең эмеспи? - деди Чаки (Ш. Үмөталиев).